Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы Ким Чен Ындын түгөйү тууралуу ушактарды четке какты
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 20 килограммга арыктаганын, бирок анын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок экенин түштүк кореялык басылмалар чалгындоо кызматына таянуу менен жазып чыгышты.
Басылмалардын маалыматына караганда, Түштүк Кореянын мамлекеттик чалгындоо кызматы өлкө парламентинин жабык жыйынында Ким Чен Ындын ордуна анын түгөйү (өлкө лидерине окшош адам) эл алдына чыгып жатат деген имиштерди четке какты. Болгону Түндүк Кореянын лидери арыктап кеткендигин белгилешкен.
Жакында эле америкалык басылмалар Ким Чен Ынды бийликтен ушул жайда анын карындашы кетиргенин, анын ордуна түгөйү иштеп жатканын айтып чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.