Таласта "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылып, 2 кызматкер каза болгон. Алардын артында 8 бала калды
Талас облусунда "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсыкка кабылып, 2 кызматкер каза болгон. Алар Бакай-Ата райондук ооруканасынын кызматкерлери болушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун администрациясынан билдиришти.
"Тез жардам" унаасын башкарып бара жаткан кызматкер 64 жашта. Ал "Тез жардам" бөлүмүндө 1986-жылдан бери айдоочу болуп иштеп келген. Артында 5 баласы калды. Ал эми фельдшер 55 жашта. Ал биздин ооруканада 2008-жылдан бери иштеп келген. Үч баласы бар эле", - деп маалымдашты администрациядан.
Кырсык 26-октябрь күнү кечке маал Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылы менен Бакай-Ата айылынын ортосунда болгон. Анда "Тез жардам" унаасы даракты сүзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
Bishkek-Kg

29.10.2021. 06:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
64 жашта болсо бериш керекта эми жаштарга, почти карып калыптыр, көзүда көрбөйт мынадай да.
Taalaibek.

29.10.2021. 07:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тез жардам унаасы эмес эле Honda Stepwgn унаасы болгон. Пенсияга чыккан киши болучу. Болгондо жумушун бергиси келген эмес.
kijuhgfdsdfghjkl-

29.10.2021. 09:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым бейишин берсин.... Фельдшер айылдашыбыз эле.. Күйөөсүнүн ашын жаңы берип, улуу баласы үйлөнгөнүнө 3 ай болгон..Балдарына сабыр тилейм.. Айланайындар жылкыларыңарга жок дегенде жылтырап турчу бир нерсе байлап койгулачы! Канчалаган адамдардын убалына калып кетип жатат! өткөндөгү жүк ташуучу унаанын алдында калып кеткен степвагонда жылкылардын айынан болгон.. Анан эле айдоочуларды күнөөлөп жатып калабыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.