15 жыл мурда көрсөтүлгөн "Боз салкын" тасмасы эсиңиздеби? Фильмдин экинчи бөлүгү ноябрь айында чыгат
Дээрлик 15 жылдан кийин "Боз салкын-2" тасмасы тартылды. Тасма чоң экрандан 25-ноябрдан тарта көрсөтүлөрүн режиссёр Эрнест Абдыжапаров билдирди.
Режиссёрдун айтымында, тасманын биринчи бөлүгү кайсы аймактарда тартылса, экинчи бөлүгү дагы дал ошол Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев жана Коргонду-Булак айылдарында тартылды. Фильмдин 15 жыл мурдагы сюжети сакталган, болгону башка адамдардын аткаруусунда, бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтырылды.
Белгилей кетсек, тасманын экинчи бөлүгүндө ырчы Тамга менен рэпер Бегиш башкы каармандардын образын жаратышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.