Эсиңизде болсун. 1-ноябрдан тарта кичи автобуска жол акы 15 сомдон болот
Бишкек шаарында 1-ноябрдан тарта коомдук транспортторго жол кире акысы көбөйөт. Анда кичи автобустар 15 сом, автобус жана троллейбустарга 11 сомдон төлөнөт. Мындай чечим 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, токтом 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.
Белгилей өтсөк, борбор калаада 1923 коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Алардын ичинен:
* 1600 менчик кичи автобустар;
* 80 муниципалдык автобус;
* 130 муниципалдык троллейбус;
* 113 менчик автобус.
Айта кетсек, учурда жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки саат 21:00дөн кийин 12 сомдон төлөп келишет. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире акысы 8 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
Рейтинг:
-2
-2

Супер-Инфо
super.kg видео

















113 менчик автобус дейт. Мен түшүнбөдүм. Жакында эле 50 андан кийин дагы 200 гө жакын автобус келди го өзбекстандан ага чейин да Кытайдан келген автобустар бар эле го . Эмне ошолордун баары менчик автобус болуп кеттиби