Бишкекте 180 аскер кызматкерине жаңы турак жай берилет
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор
Шерикбай Султанов бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйында “Жакында Бишкектеги 180
аскер кызматкерине жаңы турак жай берилет” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында, Коргоо министрлиги аскер
кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык маселелерин чечүү үчүн
чараларды көрүүдө. “Биз куралдуу күчтөрдүн тарыхындагы алгылыктуу иштерди жасай
алдык. Коргоо министрлигинин гарнизондорунда көп кабаттуу үйлөр курулду. “Ала-Бука”
калк жашаган пункттагы аскер шаарчасында 76 үй-бүлөгө батир берилди. Жал кичи
районунда эки 9 кабаттуу үйдүн курулушу бүттү. Бишкекте жакынкы күндөрдө 180
аскер кызматкерине турак жай берилет. Мындан сырткары Ош шаарында 80 аскер
кызматкери үчүн үйдүн жана алардын балдары үчүн бала бакчанын курулушу аяктап
калды”,- деди Султанов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

