super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Жеенчороев: “Альянс” бийлигине, мансабына чиренбейт, билимине, тажрыйбасына таянат”

 

“Альянс” саясий партиясы үгүт кампаниясын жер-жерлерде эл менен жолугушуудан баштады.

Борбор калаада өтүп жаткан жолугушууга Мирлан Жеенчороев, Айсулуу Мамашова, Чынгыз Айдарбеков, Толкунбек Исаков, Сейтек Качкынбаев, Юлия Джаналиева, Чынар Капарова, Зина Сакиева, Байгелди Нурдинов, ошондой эле партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышып жатат.

Партиянын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев үгүт иштеринин ачылышында куттуктоо сөз сүйлөп, алдыдагы саясий жарышта партиялаштарына ийгилик каалады.

“Кадрдык баш аламандык, пандемиядан кийинки каатчылык, баалардын өсүшү сыяктуу башкы көйгөйлөрдү чечүүгө, андан чыгуунун жолдорун сунуштоого биздин “Альянс” партиясынын кудурети, билими жетет. Анткени команда бирөөнүн көзүн карап, кошомат кылгандардан эмес, белдүү, кесипкөй адистерден куралды”, - деди Жеенчороев.

Ал алдыда саясий чоң сыноо күтүп турганын айтып, бирок тайманбас, өткүр, принципиалдуу жана өз ишин мыкты билген кесипкөй жаштардан куралган “Альянс” партиясы бул сыноолордон оңой өтөрүнө ишене тургандыгын кошумчалады.

“Биздин команданын катарын – эл үмүтүн актай ала тургандар, мыйзамдуулукту көздүн карегиндей сактагандар, бийликке сын айткандан коркпогондор, билимдин арты менен тажрыйба топтогондор толукташты. “Альянс” бийлигине, мансабына чиренбейт, билимине, тажрыйбасына таянат. Алдыдагы саясий чоң сыноодо жеңишке бирге жетебиз!”, - деди Жеенчороев.

“Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Айсулуу Мамашова өткүр, курч команданын катарында бара жатканына сыймыктанарын айтты.

“Парламентте 6 жыл ичинде көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү активдүү түрдө көтөрүп келдим. Аялдардын жана балдардын укуктары, гендердик теңчилик сыяктуу айрым маселелерди чечүүгө болгон аракетимди жумшадым. Мага карата ар кандай кептер айтылганына карабай, эл үчүн кызматымды уланта бердим. Алдыда дагы жасала турган иштер бар, мен баш-отум менен ал иштерди аткарганга жан үрөйм. “Альянс” партиясынын курамы менен ийгиликтерди багындырабыз”, - деди Мамашова.

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К. Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-октябрь, 2021-жыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: