Азия Кубогу U-23: Бишкекте тандоо турунун оюндары өтүүдө. Футболчуларга ак калпак кийгизилди (фото)







Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогуна тандоо оюндары өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "I" тайпасынын беттештери өтүп жатат. Анда Мьянма, Вьетнам жана Кытайдын Тайбэй курама командалары беттешет. Учурда үч команданын тең делегациялары Азия Кубогунун тандоо турнирине катышуу үчүн Бишкекке учуп келишкен.
Өз кезегинде Кыргыз футболдук союзу Бишкекке учуп келген футболчуларга калпак кийгизди.
23 жашка чейинки курама командалар арасындагы Азия кубогунун финалдык туру 2022-жылы Өзбекстанда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
interpol

30.10.2021. 09:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсыңар уюштуруучулар
uz.nookat

30.10.2021. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуттук калпакты Кыргыздан башкасы кийбеш керек деп ойлойм
Aimani

30.10.2021. 10:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип дайны жок эле калпакты ар кимге кийгизе бергенди токтоткулачы.Кечээки окуя деле сабак болгон жокпу. Китай, вьетнамдар биздин калпакты эмне кылат. Тем более жаш балдар. Корунгон жерде калып кор болот.Анан таарынабыз,кечирим суратабыз.коруп калсак. Корбой калган канча калпагыбыз тебеленип жатат Ким билет.
ErkinOkenovich

30.10.2021. 11:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aimani,Кыргыздын спортчуларына кийгизип жатат, сага окшоп уйдо жатып алып оюндагысын жазып олтургандарга кийгизген жокта. Кыргыздын калпагын, Кыргыз жигиттери кийбесе, анда ким кийиш керек?
Aimani

30.10.2021. 13:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ErkinOkenovich,козунду чонураак ачып оку. Учуп келген футболчуларга калпак кийгизди деп жазылып турат. И окуганды билбесен суроттору жакшыраак карап кор.кытайлар,кийин турат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.