super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Сулайманов: "Биздин өз көз карашыбыз, өзүбүздүн багытыбыз бар"

 

“Альянс” саясий партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов бүгүн, 29-октябрда үгүт иштерин кичи мекени Ноокаттан баштады. Талапкерди шайлоочулар жылуу кабыл алышты. Бүгүн ал үчүн кубанычтуу күн экенин айткан Сулайманов алгач аксакалдардан бата алды.

Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты болуп турганда эл үчүн жасаган иштерине кыскача токтолуп, бул жолу дагы берген убадаларына бек турарын баса белгиледи. Айтымында, быйылкы шайлоо өзгөчө болот. А.Сулайманов демилгелеген мыйзамдын негизинде элге тандоо укугу кайтарып берилди.

Кудай колдоп партиябыз парламентке келсе, айыл өкмөттөрдү жана шаар мэрлерин эл шайлай тургандай мыйзам долбоорун демилгелейбиз. Эл өз жетекчисин өзү шайлашы керек. Биз дайым айткандарыбызды аткарып келебиз”, - деди Сулайманов.

Ал учурда өлкө экономикасы солгундап, таза суу, жолдорду оңдоо сыяктуу социалдык маселелер дагы курч тургандыгын айтты. Ошондой эле тайманбас, курч мүнөзү менен бийликтин көзүнө тике карап чындыкты жактаган көз карашынан тайбай тургандыгын кошумчалады.

Биз уят кылбайбыз. Буга чейин парламент трибунасынан сиздерди жер караткан жокмун. Эл макулга мен да макулмун. Кошомат кылып, бирөөнү ээрчип кеткен жокмун. “Шайлоого эмнеге бийлик партиясынан келбейсиң?” деп сурашат. Биздин өз көз карашыбыз, өзүбүздүн багытыбыз бар. Бийликти сындап, жоголсун, кетсин дегенден алысмын. Бирок кемчиликтерди айтуу менен катар эле, аларды чечүү жолун дайыма айтып келгенбиз. Бүгүн да айтабыз”, - деди Алтынбек Сулайманов.

Алтынбек Сулайманов - Эл макулга мен макул!

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К. Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-октябрь, 2021-жыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: