"18 жашка жете электер эмделбейт, дарыгерлерди көндүрүүгө аракет кылбаңыздар". Рfizer вакцинасы менен эмдөө башталды
АКШ тарабынан берилген Рfizer вакцинасы менен эмдөө бүгүн, 30-октябрдан тартып старт алды. 18 жаштан жогорку курактагы бардык каалоочулар коронавируска каршы эмдөө пункттарынан аталган вакцинаны алса болорун Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат."Эгерде коронавирус инфекциясы менен ооруганыңызга жарым жылдан ашса, эмдөө алсаңыз болот. Ал эми мезгилдик сасык тумоо менен жабыркасаңыз вакцина алууну 20 күндөн кийин пландаңыз. 18 жашка жете электер эмделбейт, дарыгерлерди көндүрүүгө аракет кылбаңыздар", - дешет министрликтен.
Мекемеден кошумчалагандай, аймактарга Рfizer вакцинасын жеткирүү 1-ноябрда башталат.
Бишкек, Кант шаарларында, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорундагы эмдөө жайларында аталган вакцина жеткиликтүү. Эмдөө пункттары дем алышсыз саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Белгилей кетсек, 27-октябрда АКШ Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 259 миң 740 дозасын берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















