super.kg logo

50 тоннадан ашуун жүк. Ысык-Көлдө тоо-кен концентратын аткезчилик жол менен экспорттоого бөгөт коюлду

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган аймакта жалпы салмагы 50 тоннадан көп капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен оор жүк ташуучу унаалар кармалды.

Ошондой эле автотранспорт каражаттарын кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган.

Аталган факты Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү ("мыйзамсыз ишкердик же банктык иш") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

"Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жылына миллиондогон тонна концентраттар олкодон чыгып кетип жатат. Негизи мыйзам кабыл алып, концентраттардын бардык туруно олкодон чыгарылуусуна тыю салуу керек. Хоть лицензиясы болсо болбосо да тыю саоып чыгарбоо керек...

Ушул концентраттардын чыгарылуусунан эле олко ар жылы 1 миллиард долларга жакын зыян тартып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: