super.kg logo

Гурбангулы Бердымухамедов оор жүк ташуучу унааны айдап көрүп, сыноодон өткөрдү

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабад-Түркмөнабад унаа жолунун ачылышында өлкөдө жасалган жаңы үлгүдөгү оор жүк ташуучу унааны жеке өзү айдап, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 603 чакырымга созулган Ашхабад-Түркмөнабад унаа жолунун Ашхабад-Теджен бөлүгүнүн курулушу аяктап, ага өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов катышкан. Президент унаа менен жолдогу алгачкы кыймылды жасап, андан соң жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар жаңы жол менен каттай баштаган.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчы оор жүк ташуучу унааларды иштеп чыгарган "КамАЗ" компаниясынын өкүлдөрү менен да жолугушуу өткөргөн. Компаниянын өкүлү оор жүк ташуучу унаалардын жаңы үлгүсү жасалып чыкканын белгилеп, анын бирин президентке белек кылган. Ошондой эле унааны жаңы курулган жолдо айдап көрүп, сыноодон өткөрүүсүн суранышкан.

Өлкө башчы автоунааны жеке өзү айдап көрүп, сезимдери менен бөлүшкөн.

"Автоунааны айдап көргөн соң менде абдан жакшы сезимдер калды. Ал башкарууга абдан ыңгайлуу жана экономикалык, коопсуздук, экологиялык талаптарга толугу менен жооп берет экен. Мен эч кандай кемчилигин байкаган жокмун", - деп билдирген президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.10.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тугонгон диктатор
31.10.2021. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашооле ушул адамдыкы экен ой жок
31.10.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардырып ийбептирда,ото эле бийик сезет озун.Элдери оло жаман корсо кк.
31.10.2021. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulina00,Жардырыш кыйын.
31.10.2021. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Диктатор, артист деп жаман корчу элем. Бирок кандай болсо да мамлекетин онуктуруп алдыга суроп койду, кылган иштерин смело мактана алат экен. Менин оюм
01.11.2021. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүт эле өнүгүп атышат , бизчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: