Орусияда кош бойлуу кыргыз келиндин жолдошум үйдөн кууп чыкты, документсиз калдым деген видеосу. Элчиликтин жообу
Орусиянын Москва шаарында жолдошум үйдөн кууп чыкты, документсиз калдым деген кош бойлуу кыргыз келиндин видеосу социалдык тармакка тарады.
Анда ыктыярчы үй-жайы жокторго ысык тамак берип жүрүп, алардын арасынан кыргыз келинин жолуктурганын тасмадан көрсөк болот. Анда ал жолдошу үйүнөн кууп чыкканын, мекенине кайтайын десе документин жоготуп алганын айткан. Ал ошондой эле документтерин калыбына келтирүү үчүн элчиликке барганда андан 10 миң рубль талап кылганын айтып берген.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, төмөнкүчө билдирүү таратты.
"Элчиликтин консулу юристтер менен биргеликте, 31-октябрь күнү көрсөтүлгөн жаранды издөө үчүн Ярославский темир жол станциясына барган. Саат 14:00дө графикке ылайык үй-жайы жок адамдарга тамак-аш уюштурула турган жайга да барышкан.
Орусияда жолдошум үйдөн кууп чыкты, документсиз калдым деген боюнда бар кыргыз келиндин видеосу
-1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















