super.kg logo

Египеттеги мейманканадан туристтер массалык түрдө ууланышты

 

Египеттеги Хургададагы "AMC Royal" мейманканасынан 200гө чукул турист ууланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "AMC Royal" мейманканасында массалык уулануу 30-октябрда болгон. Эртеси, 31-октябрда Египеттин туризм палаталары федерациясы Хургадада уулангандардын саны 40ка жеткенин билдирген. Египеттин туризм министринин жардамчысы Абдел Фаттах аль-Асы өз кезегинде "AMC Royal" мейманканасы белгисиз мөөнөткө жабылганын билдирди.

"Бул чара мейманкана бардык талап кылынган аткаруу критерийлерине жооп бергенге чейин уланат. Мындан тышкары көзөмөл органынын кызматкерлери тарабынан текшерүү протоколун даярдоо үчүн мейманкананын ашканасынан жана муздаткычтарынан тамак-аш, суусундуктар алынды. Туристтердин биринин айтымында, мейманканада санитардык жактан көйгөйлөр болгон. Тактап айтканда, ашканадагы идиштер кир болчу. Учурда жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: