Өзбекстандын эки жараны Кыргыз өлкөсүнө 370 миң доллар алып өтүүгө аракет кылышкан
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнө 370 миң доллардан ашык акчаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Фергана облусунун эки тургунун кармашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири унаасы менен акчаны алып өтүүгө аракет кылган. Бирок аны коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү кармап кетишкен. Кийинчерээк анын шеригин табууга мүмкүн болгон. Учурда аларга карата кылмыш иши козголгон.
Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, накталай акчаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.