super.kg logo

Рfizer вакцинасын кайсы аймактардан алса болот? Дарыгердин маалыматы

 

Бүгүн, 1-ноябрда Рfizer вакцинасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган вакцина эртең дагы башка аймактарга жөнөтүлөт.

"Бүгүн Рfizer вакцинасын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына жөнөттүк. Эртең Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына жөнөтөбүз.

Аталган вакцина менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык каалоочулар коронавируска каршы эмдөө пункттарынан аталган вакцинаны алса болот.

Эмдөө алгандан кийин ийне сайылган жердин кызарышы, оорушу, дене табынын бир аз көтөрүлүшү (37 градуска чейин), баш жана дененин оорушу мүмкүн. Мындай абал бир канча күн болушу ыктымал. Эгер бул абал көпкө уланса, дарыгерлерге кайрылыңыз", - деп билдирди Ишенапысова.

Белгилей кетсек, 27-октябрда АКШ Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 259 миң 740 дозасын берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: