ЖЫЛНААМА: Эсибизде жана сүрөттөрдө жаш, сулуу бойдон сакталып калды. Гүлбү Ороскул кызы төрөлгөн
Бүгүн, 1-ноябрда ырчы Гүлбү Ороскул кызы тирүү болгондо 45 жашка чыкмак.

Ал 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. 1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы бүтүргөн.

Таланттуу ырчы калың элге өзүнүн "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага", "Ортомчу бизге Ысык-Көл" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.

Гүлбү Ороскул кызы Элмирбек Иманалиев менен Айзуура жана Сезим аттуу кыздарды тарбиялашкан.

Ал өмүрүн искусство жана музыкага арнаган.

2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө кызмат кылып келген, фольклор жана эстрада ырчысы кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунда да ырдап келген.

2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.

Ырчы 2017-жылдын 6-октябрында оорудан улам көз жумган.

2020-жылы ырчынын мурунку жолдошу, төкмө акын Элмирбек Иманалиев оорудан улам көз жумган.

Гүлбү Ороскул кызынын жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө жашай бермекчи.
1-ноябрга карата жылнаама.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Жаткан жерлери жайлуу болсун!