super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков БУУнун 37-башкы конференциясына катышууда

 

Париж шаарында, ЮНЕСКОнун штаб квартирасында Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясы өтүп жатат.

Ага кыргыз делегациясын жетектеп барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков катышууда.

Самаков атайын баяндама менен чыгып, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо, билим берүүнү өркүндөтүү, таза суу, жалпы суу ресурстарын коргоо боюнча маселелерди айтты жана ЮНЕСКО тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.  

 

Айта кетсек, депутаттын баяндамасы БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында Кыргызстандын атынан сүйлөнгөн эң алгачкы баяндама. Конференцияда билим берүү маселелери талкууланып, ЮНЕСКОнун аткаруу кеңеши жана башка органдары кайрадан шайланат, ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокованын талапкерлиги бекитилет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: