"Садыр Жапаров келгенде бизге сөз бергендерден азыр дайын жок". Чек ара жаңжалы чыккан Максат айылынан паспорт ала албай жатабыз деген тургун кайрылды
SUPER.KG порталына Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын Гүлзуура Тажибаева аттуу тургуну кайрылды. Анда ал кайненеси Кутбиниса Эгембердиеванын 2 жылдан бери паспорт ала албай келгенин айтты.
"Максат айылынан болобуз. Апам 73 жашта паспортко документтерди тапшырса дагы берилбей келет. Алар күткүлө дегенден башканы айтпай келишүүдө. Анын кесепетинен ооруканага көрүнө албай жатат. Кыргыз-Тажик чек ара жаңжалында баласы Ражапай Эгембердиев (1967-жылы туулган, Максат айылынын тургуну) каза болгон.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен айылга келгенде бул көйгөйдү айтсам 20 күндө паспорт аласыңар деп жанындагы адамдарга дайындаган болчу. Алар "эже, биз чечип беребиз" дешкен. Садыр Жапаров кеткенден кийин телефон чалышкан жок.
Апам Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө 2013-жылы келген. Бирок ар кандай себептерден улам паспортко документтерди 2019-жылы тапшырып баштаган", - деди Гүлзуура Тажибаева.
Ошондой эле Кутбиниса Эгембердиева президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, көмөк сурады.
"Урматтуу Садыр Жапаров, менин 2 жылдан бери паспортум жок. Баламды (ред.: 28-апрелде болгон Кыргыз-Тажик чек ара жаңжалында каза болгон) атып кетишти. Үйүмдү дагы өрттөп жиберишти. Эми пенсиям жок. Документим жок ооруканага дагы көрүнө албайм. Көзүм ооруйт. Уулум, бир жардам кыл", - деп кайрылды ал.
кошулду
"Паспортум жок дарыгерлер дагы карабайт" дейт окурман




1 |