super.kg logo

"Керемет Банк" ички иштер органдарынын кызматкерлерин «Кыргыз милициясынын күнү» менен куттуктады

 

"Керемет Банк" ААКсы "Кыргыз милициясынын күнүнүн" 97 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктады.

Ыраазычылык катка ээ болушуп, эстелик иретиндеги белектер менен сыйланышкан кызматкерлердин бардыгы учурда ишмердүүлүк түрү боюнча банк менен ишинин түрүнө жараша өз ара иш алып барышууда же "Керемет Банктын" тутумунда өз кызматтык милдеттерин аткарышууда.

"Керемет Банк" башкармалыгынын төрагасы Рысбек Токтогул банкта жалаң гана күжүрмөн, кесипкөй жана өз ишине чындап берилген кызматкерлер эмгектенип келе жаткандыгын баса белгилөө менен, аталган кызматкерлерди өтөп жаткан милдеттери, катаал, бирок маанилүү эмгектери үчүн куттуктап өттү.

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери – өз ишине чындап берилген, өзгөчө ой-туюму бар, коопсуздук, тартип, ар-намыс үчүн керек болсо майрам жана дем алыш күндөрү да күндөп-түндөп кызмат кылып келе жаткан адамдар, ишиңиздерди ар дайым ийгилик жылоолосун жана өмүрүңүздөр бир гана жакшылыктар менен коштолсун!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: