super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Садыр Жапаровдун саммитке ижарага алынган учак менен барганы тууралуу билдирүү жасады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер аркылуу Садыр Жапаровдун Глазго шаарындагы саммитке ижарага алынган жеке учак менен барганы боюнча билдирүү калтырды.

"Британ тарап коопсуздук эрежелеринен улам ТУ-154 учагын кабыл алуудан баш тартты. Иш сапары коркунучка кабылды. Мындан улам бир канча күн мурда делегация үчүн ижарага учак алууга туура келди.

Анын үстүнө президент кайра Бишкекте өтө турган саммитте болуп калышы керек болчу.

Бул климаттар аралык саммит болгондуктан мурда Глазго шаарына кезек менен жүрүүчү кадимки каттам аркылуу эле баруу пландалып жаткан. Бирок, тилекке каршы, Эдинбургдан Глазгого кадимки каттам менен 4-ноябрдан эрте баруу мүмкүн эмес экен. Текшерип коюу оңой нерсе. Биз бул иш-чарага жай бою даярдандык", - деп билдирди ал.

Ошондой эле мындай кадам ыңгайлуулукту сүйгөндөн же болбосо колдогу нерсени жактырбагандан улам жасалбагандыгын кошумчалаган.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун Глазго шаарына ижарага алынган жеке учак менен кеткени социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: