super.kg logo

Польшадагы көрүстөндөрдө коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды

 

Польшадагы көрүстөндөрдө адамдарды коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөдөгү "ыйыктар майрамын" утурлай Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын кабыл алынган. Себеби өлкө жарандары бул күндөрү "ыйыктар майрамын" белгилөө үчүн сутканын көп бөлүгүн мүрзөлөрдө зыярат кылуу менен өткөрүшөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аларды вируска каршы эмдөөдөн өткөрүп калуу максатында министрлик ушундай өзгөчө кадамга барганы айтылат.

Ал эми эл да бул чечимди өзгөчө баалап, көрүстөндөрдөгү эмдөө иш-чарасынын дагы башка мааниси бар экендигин баса белгилешкен.

"Вирустун төртүнчү толкуну күч алып турганда бул абдан жакшы иш болуп турат. Мен өзүм толугу менен эмдөөдөн өткөм. Көрүстөндөрдөгү эмдөө пункттары бизди жашоо, өлүм жана оору тууралуу ойлонууга түртөт. Бул абдан жакшы нерсе", - деп билдирген зыяратчылардын бири.

Учурда аталган өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турганына карабастан, адамдар массалык түрдө көрүстөндөргө зыярат кылып жатканы кабарланды. Өткөн жылы пандемиядан улам мүрзөлөр жабылып, "ыйыктар майрамы" белгиленген эмес.

Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 3 миллион 300 миң адамга жетти. Анын ичинен 77 миңге жакын адам өмүрү менен кош айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: