super.kg logo

"Бир күндө 17 миллиард доллар". Илон Масктын байлыгы 300 миллиард доллардан ашты

 

Жогорку технологиялуу SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси, америкалык ишкер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болуп, анын байлыгы 300 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, америкалык Tesla электромобилинин акцияларынын баасынын кескин өсүшүнүн аркасында Илон Масктын байлыгы бир күндө 17 миллиард 100 миллион доллардан ашык өсүп, Масктын байлыгы 315 миллиард долларга жеткен. Өз кезегинде белгилүү Bloomberg агенттиги Илон Масктын байлыгын 335 миллиард долларга баалаган.

Ошондой эле алдыңкы үчтүктө 193 миллиард 200 миллион доллары менен Amazon'дун негиздөөчүсү Жефф Безос жана 190 миллиард 800 миллион доллары менен LVMH компаниялар тобунун башкы директору франциялык Бернар Арно бар.

27-октябрда Forbes басылмасы Илон Маскты тарыхтагы эң бай адам деп атаган. Андан кийин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизлин Масктын бир эле күндүк кирешеси дүйнө элин ачарчылыктан сактап каларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: