super.kg logo

O!Store Оштогу жетинчи филиалын ачып жатат жана арзандатууларды жарыялайт!

 

О! Мобилдик оператору региондордо тейлөө түйүнүн кеңейтүүнү улантууда жана Ошто төмөнкү дарек боюнча O!Store дүкөндөр тармагынын кезектеги филиалын ачып жатат:

  • Навои көчөсү, «Пекин» соода борборунун маңдайында. Дүкөн күн сайын 09:00дөн 19:00гө чейин ачык, тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.

«Бул О! түйүнүнүн кардарлар үчүн мобилдик кызматтардын толук спектрин сунуштай турган Ош шаарындагы жетинчи O!Store дүкөнү болуп саналат. Кадамдык жеткиликтүүлүктө болуу жана шаар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү биз үчүн маанилүү – жаңы жумушчу орундар жана Ош шаарынын тургундарына гана эмес, Кыргызстандын түштүк баш калаасынын меймандары үчүн дагы сапаттуу байланыш кызматтарына ыңгайлуу жеткиликтүүлүк», деп белгиледи О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү боюнча кызматтын жетекчиси Равшан Бакиров.

Жаңы дүкөндүн ачылышынын урматына салт боюнча аксессуарларга -20%га чейинки арзандатуулар жарыяланат! Акция 2021-жылдын 27-ноябрына чейин (камтуу менен) жүрөт. Акция боюнча товардын саны чектелүү.

Муну менен эле бүтүп калбайт! Биздин сунуштар:

  • kg сайтынан каалаган смартфонду онлайн тапшырык кылган учурда АКЫСЫЗ +20 ГБ;
  • Realme жана Tecno жаңы линейкасынын смартфондорун сатып алган учурда баланска 10% кешбэк;
  • Blackview супер корголгон смартфондорду сатып алган учурда баланска 1000 сом кешбэк.

O!Store дүкөндөрүнө төмөнкүлөр үчүн келиңиз:

  • Сиздин тариф боюнча бардык маселелерди чечүү, керектүү кызматты кошуу, детализация алуу;
  • Жоголуп кеткен учурда SIM-картаны калыбына келтирүү;
  • Балансты комиссиясыз толуктоо;
  • Болгону жарым сааттын ичинде смартфонду бөлүп төлөөгө же кредитке тариздөө;
  • Мобилдик түзүлүштөр үчүн аксессуарларды сатып алуу;
  • «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын каражаттарын комиссиясыз накталай акчага айландыруу жана көптөгөн башка нерселер.

Сизге жакын филиалдын дарегин ostore.kg сайтынан билсеңиз болот.

О! Мобилдик оператору ар дайым жаныңда!

Кредит «Дос-Кредобанк» тарабынан берилет, банк кредитти берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ лицензиясы: № 037. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: