super.kg logo

ИИМ акыркы 9 айда мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топту кармады

 

2021-жылдын 9 айында милиция кызматкерлери мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"9 айда республиканын ички иштер органдарынын өндүрүшүндө мал уурулук боюнча 1137 материал болгон. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында ушул мезгилдин ичинде 2 миңден ашык бодо мал уурдалган, алардын көбү майда мүйүздүү, экинчи орунда бодо мал, андан соң жылкылар. Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мал уурулук боюнча 902 кылмыштын бети ачылган. Ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрү тарабынан мал уурдоого шектелген 366 адам кармалып, анын ичинен 60тан ашууну мурда соттолгон", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: