"Кооз, бирок коркунучтуу". Садыр Жапаровдун учагын кабыл алуудан баш тарткан Глазгого дүйнө лидерлери кандай учактар менен барышты? (фото)
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Глазго шаарына жеке менчик учак жалдап барганы азыркыга чейин талкууга алынууда. Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Британ тарап коопсуздук эрежелеринен улам президент учуп жүргөн ТУ-154 учагын кабыл алуудан баш тарткандыгын билдирген.
Мындан улам климаттык саммитке катышуу үчүн Дүйнө лидерлери Глазгого кандай учак менен баргандыгын карап көрдүк.
Жекшемби күнү Глазго аэропортуна 50дөн ашык жеке учак конгон. Шотландияга бардыгы болуп 400гө жакын каттам жасалган. Бул көрсөткүч эсептөөлөр боюнча атмосферага 13 миң тонна көмүр кычкыл газын чыгарган, бул эң биринчи кезекте глобалдык жылуулукка таасир этет.
1. Кипр өлкөсүнүн делегация мүчөлөрү Шотландияга Airbus A319 учагы менен барышты.
2. Вьетнамдын жана Катардын делегациялары барган учактар. Алар "Прествик" аэропортуна жетүү үчүн узак жолду басып өтүшкөн.
3. Япониянын делегациясы Глазго шаарына "Boeing" учагы менен барышкан.
4. Украина делегациясы Шотландияга Антонов-148-100В учагы менен барды.
5. Орусия делегация Москвадан Эдинбургга "Dassault Falcon 7X" учагы менен учуп барган.
6. Шотландияга америкалык миллиардер Жефф Безос дагы барды. Ал "Gulfstream" учагы менен учкан. Учактын баасы 65 миллион доллар.
7. АКШ президенти Жо Байден жубайы менен Эдинбургга барышкан. Ал жерден анын кортежи Глазгого сапар тартты.
8. "Boeing 787 Dreamliner" учагы Бангладештин делегациясын Дакка шаарынан Глазгого жеткирүү үчүн 8 миң чакырымды учуп өттү.
кошулду

Туура айтасыңар. Кечинде шаарда маршуртка отуруп көрүп көчүп басып отурганга орун жок. Уялбай асмандан сүйлөшөт. Канча жылдан бери ушул траспорт маселесин чече албай койду уялбай өзбектердин автобусун жүргүзүп койду ал шаарда көрксүз ырайы суук көрүнөт
Байрактар ал мамлекеттин коопсуздугу учун, а сенин жашооңо өзүң күнөөлүсүң. Жакшы болсо да өзүң күнөлүү, жаман болсо да өзүң күнөөлүсүң.
Сага да бироо Апанды сатып алам десе жакшыбы??
АПА - Адамзат учун Эч нерсеге алмашкыс ЫЙЫК !!!
Уялчаак ДЕПУТАТ Жолдо калдыго Сенин алдында((((