super.kg logo

Жогорку Cот Талант Мамытовдун иши боюнча арызды артка кайтарды

 

Жогорку Cот Талант Мамытовдун иши боюнча арызды артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт. "Кассациялык даттанууга сунуштаманы берген адам тарабынан кол коюлат. Өкүл тарабынан берилген кассациялык даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу ошол юридикалык адамдын мөөрү менен ырасталат. Иштин материалдарына караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу 12-февралдагы ишеним каттын негизинде өкүл Кутбердиева тарабынан кол коюлган. Бирок Кыргыз Республикасынын Административдик процессуалдык кодекстин 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн талабы сакталбастан кассациялык даттанууга талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелгендиктен, анын ишенимдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес жана ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынууга жатпайт. Аталган Кодекстин 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну (сунуштаманы) берген адамга кайтарып берилет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: