Канатбек Исаев, Айнуру Алтыбаева... Бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тарткандардын саны 9га жетти
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин койгон 321 талапкерди каттады. Анын ичинде 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди.
БШКнын маалыматына караганда, арыз бергендер төмөнкүлөр:
- Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
Ошентип 2021-жылдын 1-ноябрына карата 312 талапкер шайлоого катышат.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
• Баткен облусу – 37 талапкер,
• Ош облусу – 54 талапкер,
• Жалал-Абад облусу – 48 талапкер,
• Талас облусу – 14 талапкер,
• Чүй облусу – 62 талапкер,
• Бишкек шаары – 27 талапкер,
• Нарын облусу – 29 талапкер,
• Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zam81

02.11.2021. 21:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.