Белград: Бүгүн Айпери Медет кызы килемге чыгат
Бүгүн, 3-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.
Бүгүнкү мелдеште кыз-келиндер күрөшү башталат. Анда Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт жана анын алгачкы атаандашы эквадордук балбан болот.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.