super.kg logo
  Саясат  

Депутат Санариптик өнүгүү министрлигинин жоюлуп кайра түзүлгөнүнө токтолуп, анын ишине нааразычылыгын айтты

 

"Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, кайра түзүлдү. Бул жерде мындан да курч маселе бар, киберкоопсуздук, тыңшоолор тууралуу иштин баарын УКМК жасап жатканда силер эмне жумуш кыласыңар, силердин функция кандай?". Мындай суроону бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко аталган мекеменин жетекчисинин орун басарына узатты.

Ал кайсы тыңшоолор экенин депутат тактап кетүүсүн өтүндү. Никитенко "Бул тууралуу баары түшүнүп турат", - деди. Ал эми министрдин орун басары Талант Калыков: "Ар бир органдын өзүнө тиешелүү кызматтары бар",- деди.

Андан соң Никитенко Санариптик өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн структураларынын бирдиктүү "Түндүк" порталын чоң каражат жумшоо менен түзгөнүнө токтолуп, эми бул порталдын иши кандай уланарын сурады.

"Жарандар аткаминерлерден көз каранды болбосун деген ой менен ушул портал чоң эмгек, каражат менен түзүлгөн. Азыр аны иштетип жатасыңарбы, канча орган ага кирди?", - деди Никитенко.

"Учурда "Түндүк" порталы иштеп жатат. 5 ири мамлекеттик орган кошулган. Учурда аны иштетүү уланууда жана анын кызматтары жакшырууда", - деди Калыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: