super.kg logo

"Ден соолугум жакшы экенин билип жан дүйнөм тынчып, көңүлүм көтөрүлүп, маанайым ачылды" дейт Мирбек Иманбеков

 

Сентябрь айында көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысы Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй эле ал саламаттыгына байланыштуу Түркияга барып, Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде медициналык текшерүүдөн өткөн. Саламаттыгы суроо жараткан Мирбек Иманбеков порталыбызга берген маегинде учурдагы абалы тууралуу айтып берди.


"Биринчи байлык ден соолук" дегендей, шүгүр, жакшы. Азыр дары ичип, ийне алып дарыланууну улантып жатам. Ден соолугум жакшы экенин билип жан дүйнөм тынчып, көңүлүм көтөрүлүп, маанайым ачылып сүйүнүп турган кезим", - деди ал.

Ырчы Кыргыз жергесиндеги медициналык текшерүүсү боюнча буларга токтолду.

"Биздин медицина аппарат жагынан аксайт. Мындан улам дарыгерлер туура жыйынтыкты чыгарып бере албай калышы мүмкүн. Бирок жакшы, күчтүү дарыгерлерибиз бар. Ал эми чет өлкөнүн медицинасы жабдыктары менен жетишкен. Диагнозду так чыгарып беришет экен. Дарыгерлер дарылансам эле айыгып кетеримди айтышты.

Өзүм ооруп калгандан кийин кимдир-бирөө сыркоолосо эле кабатыр болуп, айыгып кетсе экен деп тиленип калдым", - деп кошумчалады.

Мирбек Иманбеков ооруп жатканда дем-күч, жардам берген бир туугандарына, досторуна, өкүл атасы Урмат Усеновго ыраазычылыгын айтат. Ошондой эле элге дагы ыраазы экенин белгилеп, алдыда кызмат кылууга даярдыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.11.2021. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыгып кет ылайым, уй булондун мандайына аман бол
04.11.2021. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1) Сыйлыгын Кут Болсун: Ырларынды угуп конулум эргийт Кыргызстанымды сагынгандан Чет жакта журуп.
2) Дартты Берген Кудайым шыпааны да берет. Ден-соолугун чын болсун, Ооруба Иничек))
04.11.2021. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине ийгилик. Жашоонун ырахатын коруп, ырдап, кулуп эле журо бер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: