super.kg logo

Ырчы Мирбек Иманбеков бир кездеги атактуулугу, жан дүйнө кризиси, сагынып жүргөн адамдары тууралуу айтып берди

 

Эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков SUPER.KG порталына маек берип, бир кездеги атактуулугу, жан дүйнө кризиси, сагынып жүргөн адамдары тууралуу айтып берди.

"Жаштыгыңды сагынасың. Ал кезде күйөрмандар башка болчу. Ошол кезден мага каттар калды. Метрлеп келген каттар хит болгон. Биринчи Султан Садыралиевге метр кат келген. Ага мынча метрлик кат келди десе, менин күйөрмандарым чычалап кеткен окшойт, мен андан да узун кат алгам. 20 метрдин тегереги болсо керек. Аны айтып чыккан жокмун, Султандан кийин кеч болуп калды да (күлүп). Андан тышкары жумшак оюнчуктар келген, азыр деле үйдө турат. Сувенирлерди апам сандыгына сактап койгон. Менин маектеримди, сүрөттөрүмдү кыркып сактаган", - деди ал.

Ал сагынган адамдары апасы, бир тууган агасы экенине токтолду. Жашоосунда бул инсандарды жоготуу катуу сокку болду дейт. "Апама бардык сырларымды айтып, сырдашып турчумун. Көзү өтүп кеткенден кийин эч ким менен сырдашпай калдым. Өзүм менен өзүм кээде сырдашып коём", - дейт.

Ырчы мырза жан дүйнө кризисине мындан 6-7 жыл мурда биринчи жолу кабылган. Айтымында, ошол маалда ырдагысы келбей, эч нерсе ылайык болбой, тойлорго чакыруу болсо акча үчүн эле барып калган. Азыр бул абалдан арылган.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: