Абакка 14 литр сыра киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды
№47 абакка 14,5 литр сыра киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
"30-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракети токтотулган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында абактын кызматкерлери 14,5 литр сыраны колонияга өткөрүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган К.Р. аттуу жаранды кармашкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жөнөтүлдү", - деди ал.
47-абакка 14,5 литр сыраны киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.