super.kg logo

Ысык-Көлдө алты айга жакын уурулук менен алектенип жүргөн деген шек менен Чүйдүн тургуну кармалды

 

Ысык-Көлдө алты айга жакын уурулук менен алектенип жүргөн деген шек менен Чүйдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алты айга жакын батирдик уурулук менен алектенип жүргөн Чүй облусунан келген жаран Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

"Милиция кызматкерлеринин айтымында, кылмышка шектелип Чүй облусунун Малиновка айылынын 50 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон С.Ж. кармалды. Шектүү ушул жылдын март айынан тартып Булан-Сөгөтү жана Бактуу-Долоноту айылдарында бир катар үйлөргө уурулук жасоого үлгүргөн. Акыры ал ушул аптанын шаршемби күнү Бостери айылынан кармалган.

Алгачкы суракта кармалган жаран батирдик уурулуктун 6 учуру боюнча күнөөсүн моюнуна алууда. Милиция кызматкерлери тактагандай, шектүү уурулук фактыларын күндүзгү мезгилде жасап жүргөн. Үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, терезе аркылуу батирлерге жана жер үйлөргө кирип, негизинен алтын зер буюмдарды алып, аларды базарлардан жана башка соода түйүндөрүнөн сатып жүргөн.

Жабырлануучуларга жалпы 265 миӊ сомдон ашык материалдык зыян келтирилген. Аталган фактылар боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин "уурдоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жарандын Ысык-Көл районунда жана облустун башка аймактарында орун алган батирдик уурдоо фактыларына тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: