Алматыда мектеп окуучулары Pfizer вакцинасы менен эмделет
Алматыда мектеп окуучулары да Pfizer вакцинасы менен эмделет. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстанга Pfizer вакцинасынын келерки аптада жеткирилиши күтүлүүдө. Учурда логистика, муздаткыч жабдууларды жеткирүү жана орнотуу маселелери иштелип чыгууда. Вакцина менен 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар, 17 жаштан 37 жумага чейинки кош бойлуу аялдар, ошондой эле бала эмизген энелер эмделет. Мектеп окуучуларын эмдөө ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.
Учурда мектеп окуучуларын эмдөө боюнча ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүү жүрүп жатат. Эмдөө пункттары көчмө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.