Федор Черницын: "Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе экспортту жеңилдетүүгө шарт түзүлөт"
Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда
“Кыргызстан жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик: Интеграциянын абалы жана
келечеги” деген темада бизнес-форум болуп өттү. Анда Евразия экономикалык комиссиясынын
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча жумушчу тобунун жооптуу
катчысы, Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин эл аралык аракеттешүүлөр
бөлүмүнүн кеңешчиси Федор Черницын “Кыргызстан
Бажы биримдигине кирсе экспортту жеңилдетүүгө шарт түзүлөт” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ал Бажы биримдиги соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, көзөмөлдү сактоого шарт
түзөрүн белгилеп өттү. “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү өлкөдөн Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө экспорттоону кыйла
жеңилдетүүгө шарт түзөт. Кыргыз экспортунун көп бөлүгү, өзгөчө тигүү буюмдары Орусия
менен Казакстанга кетерин бардыгы билишсе керек”,- деди Черницын.
Мындан
сырткары Бажы биримдиги сооданы эч кандай тоскоолдуксуз жана бажы көзөмөлүн
сактап жүргүзүү мүмкүндүгүн берерин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

