super.kg logo

Орусияда полиция тарабынан токмоктолгон Кыргыз жараны: Жабырлануучунун достору окуя тууралуу айтып берди (видео)

 

Орусияда полиция тарабынан токмоктолгон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын достору окуя тууралуу айтып беришти. Алардын кайрылуусун блогер Ринат Усупбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Бул окуяны өзүңүздөр социалдык тармактар аркылуу байкап эле жатасыздар. Бул окуяга биз так, туура маалымат берип кетсек. Окуя өзү 2-ноябрда болгон. Полиция кызматкерлери тарабынан унаа жолдун четине токтотулуп, документ текшерүүгө алынган. Эч кандай каршылыксыз эле документин текшерткен. Ошол жерден алар күчкө салып, полиция бөлүмүнө баруусун талап кылган. Биздин досубуз жөн гана жетекчисине чалып, унаасын берип жиберүүнү өтүнгөн.

Бирок алар ага көнбөстөн убактылары жок экенин айтып, ур-тепкиге алып, полиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жактан полиция кызматкерлери досубузду мажбурлап кол койдурушкан", - деди жабырлануучунун достору.

Мындан тышкары, алар мындай окуя буга чейин дагы болуп келгенин, бул элчиликтин жана Орусиядагы Кыргыз жарандарынын шалаакылыгынан мындай окуялар көмүскөдө гана калып кетип жатканын айтышты.

Буга чейин блогер Ринат Усупбаев Орусияда эки полиция кызматкери белгисиз жаранды сабап жаткандагы видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, сабалган адам Кыргыз жараны экенин айтып, Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги токмоктолгон адам Кыргыз жараны экендигин билдирген.






Москвада полиция тарабынан токмоктолгон баланын достору окуя тууралуу айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
05.11.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Парламентте олтурган 120 чимкирик кыргыздын жарандары качанкыга дейре кор болобуз ?
05.11.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нота жөнөтүп,териштирбейсиңерби МИД,орустар бир кыз үчүн канча болушту,депутаттары баш болуп,эми кана ошо иттер?
05.11.2021. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Москвада "телефон доверие" деген бар.Полициянын устунон иш жургузот.Алар россиялыкбы,мигрантбы баарынын укугун коргойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: