super.kg logo

Жумасына эки жолу. "Будапешт-Бишкек" багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

 

"Будапешт-Бишкек" багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа биримдиги-Борбордук Азия" бизнес форумунда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто маалымдады.

Анын айтымында, аба каттамдар
жумасына эки жолудан кем эмес аткарылат.

Белгилей кетсек, Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылдын 29-сентябрында Венгрияга жасаган расмий сапары алкагында сүйлөшүлгөн. Аталган маселе боюнча эки тараптуу иликтөө жүргүзүлүп, ушул жылдын апрель айында "Wizz Air" авиа компаниясынын өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропорту менен таанышып кетишкен. Жыйынтыгында венгриялык авиакомпания маркетингдик колдоо жана лоялдуулук программасынын эсебинде жогорку каттамдарды камсыз кылууну убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: