super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөргө” күнөөлүүлөрдү жоопко тартуунун мөөнөтү жакында бүтөт. Биз буга жол бербеш үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз”,- деди Өмүрбек Текебаев

 

“Кумтөрдү” Кыргызстанга кайтарбасак, анда 2010-жылдагы революцияны жокко чыгарган болобуз. Муну бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтты. Айтымында, аталган маселе боюнча күнөөлүү аткаминерлердин эртеби-кечпи жоопко тартылышы үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат.  

“Азыркы мыйзам боюнча кылмыш кылгандарды жоопко тартуунун мөөнөтү 10 жыл. “Кумтөр” боюнча айыпталгандарды жоопко тартуу 2013-жылдын 31-декабрынан кийин мүмкүн болбой калат. Биз буга жол бербеш үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип жатабыз. Кылмыш кылгандар, коррупционерлерди жоопко тартууга 10 же 20 жыл деп чек коюлбашы керек. Чет өлкөлөрдө 80 жашка чыккан кылмышкерди араба менен болсо да сотко алып келип жоопко тартып жатышат. Бизде да ошондой болушу керек, бул башкаларга сабак болот”,- деди Текебаев.  

 

Депутат өлкөдө коррупциянын өсүп жатышына коррупционерлердин төрдөн орун ээлеп, коомдо сыйлуу адам болуп жаткандыгы да себеп болуп жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: