super.kg logo

"Чек арадан мыйзамсыз өткөн". 20 жылдай убакыт Кыргыз өлкөсүндө документтери жок жүргөн Казакстандын жараны кармалды

 

20 жылдай убакыт Кыргыз өлкөсүндө документтери жок жүргөн казак жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда оперативдүү-профилактикалык рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Кемин РИИБинин кызматкерлери тарабынан болжол менен 55-60 жаштар чамасындагы азиат улутундагы өздүгүн тастыктаган документтери жок жаран кармалган. Тактоо иштеринин жүрүшүндө ал адам 62 жаштагы И.А. аттуу Казакстандын жараны экени аныкталган. Ал 2002-жылдын январь айында Кыргыз өлкөсүнө иш издеп келип, Кемин районунун Бообек айылынын аймагында калган. Ал өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, андан бери эч кандай документтери жок жүргөн.

"Бул факты Кемин РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бул факты боюнча чогултулган материалдар андан ары териштирүү үчүн УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: