super.kg logo
  Спорт  

"Барселонаны" кошпой". Лионель Месси Чемпиондор Лигасын жеңе ала турган командаларды атады

 

"ПСЖ" клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси быйыл Чемпиондор Лигасын жеңе ала турган жети команданы атады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Месси өзүнүн клубун быйыл Чемпиондор Лигасын жеңүүгө негизги талапкерлердин катарына кирет деп эсептейт. Ал ошондой эле "ПСЖ" бул сезондо Чемпиондр Лигасынын кубогуна жалгыз талапкер эмес экенин белгилеген. Месси Чемпиондор Лигасында жети команда азырынча күчтүү.

"Биз негизги талапкерлердин бирибиз, бирок жалгыз эмес. Чемпиондор Лигасында башка клубдар дагы жакшы оюнчулар менен келишим түзүшкөн. Мисалы, "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити", "Бавария", "Ливерпуль", "Атлетико Мадрид" жана "Челси". Чемпиондор Лигасын жеңе ала турган көптөгөн клубдар бар. Бул өтө оор мелдеш жана аны мыкты команда дайыма эле жеңе бербейт", - деген Месси.

5-августта каталондук клуб 34 жаштагы аргентиналык футболчу менен болгон келишимди Ла Лиганын эрежелеринде жазылган каржылык тоскоолдуктардан улам узартпай турганын жарыялаган.

10-августта чабуулчу "ПСЖ" клубу менен эки жылдык келишимге кол койгон. Бул убакыт аралыгында Месси 8 оюнга катышып, 3 гол киргизди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.11.2021. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бавария номер 1 фаворит букмекерлер дагы Баварияны фаворит кылып жатат чынында эле алдынан чыкканын нокаута учуратып жатат
05.11.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 Бавария 2 Ливерпуль 3 Ман Сити 4 ПСЖ 5 Челси 6 Реал 7 Ман ютд 8 Аякс 9 Боруссия 10 Атлетико
05.11.2021. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bayern-munchen,сенин Бавария болсоң эле көтөрө бересиңби баварияны Атлетико Мадрид надо быть баварияны псжыны дагы токтотуп койот 1/8 финалга түшүп калса
05.11.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fernando_Torres,кордук Атлетикону былтыр Бавариядан 4-0 го деген быйыл группадан чыгышы гумон болуп турат негизи Бавария ПСЖ Ман Сити Ливерпулдун Челсинин уровени ойдо чем Атлетиконон
06.11.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fernando_Torres,соо элесинби наалыбачы
05.11.2021. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Испанияда реал деген команда бар элего туугандар азыр эчким эстебей калганбы?))))
06.11.2021. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айта берет . Керек болсо ПСЖны Интер деле 8/1финалдан чыгарып салганга толук күчү жетет. Бул команда жеңет деп айтыш кыйын азыр баардык клубдар башынан оор жылдар өтүп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: