Дүйнө чемпиондугу: Бекболот Мырзаназар уулу гвинеялык атаандашын 10:0 эсебинде жеңди
Бүгүн, 5-ноябрда Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да уланды.
Дүйнө чемпиондугунда алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган Бекболот Мырзаназар уулу гвинеялык Юна Фафе аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө кыргыз балбаны атаандашынын артына өтүп, айлантып 9 упай алды. Экинчи бөлүк башталганда эле Бекболот Мырзаназар уулу атаандашын килемден түртүп чыгарып, бир упай алып, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.
Бекболот Мырзаназар уулу Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
MEDER_KULETOV

05.11.2021. 20:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
Medina87

05.11.2021. 20:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чемпиондук Кур Насип кылган болсун Балбан Жигитибизге ООМИНЬ!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.