super.kg logo

Грузиянын абактагы экс-президенти Михаил Саакашвилинин эс-тутуму начарлап жатканы айтылды

 

Грузиянын абакта жаткан мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин эс-тутумунда олуттуу начарлоо байкалууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Ника Гварамия билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Жактоочусу саясатчынын ден соолугунда олуттуу начарлоо байкала баштаганын айтат.

"Өзгөчө ал адамдар менен баарлашууда жана эске тутууда көйгөйлөргө дуушар болгон. Башкача айтканда, айрым адамдардын аттарын эстей албай калып жатат. Сүйлөшүү учурунда кээ бир жакын досторун да эстей албай жатканы байкалууда", - деди Ника Гварамия.

Буга чейин Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча комиссары Людмила Денисова дагы Михаил Саакашвилинин абалы кескин начарлап кеткенин айтып чыккан. Ал абактагы президент анализдеринин начар чыкканын кат аркылуу жазганын билдирген.

Ошондой эле саясатчы 20 килограммга арыктап кеткенин жана 2 сааттык сүйлөшүүгө араң чыдап отурганын кошумчалаган.

Эске салсак, Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялаганы белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2021. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Украинанын абакта жаткан мурдагы президенти дегениңер кандай, оңдоп койгула, президент эмес губернатор болгон! Грузиянын экс президенти десеңер анда башка сөз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: