super.kg logo

Ирактын премьер-министри пилотсуз учактын чабуулунан улам ооруканага жаткырылды

 

Бүгүн, 7-ноябрда Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми Багдаддагы резиденцияга пилотсуз учактын чабуулунан улам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн өкмөт башчысынын өмүрүнө кол салуу болгон. Мустафа аль-Казыми пилотсуз учактын чабуулунан улам жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген.

"Абалым жакшы. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам", - деп премьер-министр абалы канааттандырарлык экенин өзүнүн Твиттер баракчасына тастыктаган.

Ошондой эле Мустафа аль-Казыминин 10 жан сакчысы жарадар болгону айтылууда.

"Мындан тышкары АКШ элчилиги жана башка өкүлчүлүктөр жайгашкан жашыл зонанын аймагында да атышуу орун алды. Окуянын себептери азырынча белгисиз. Бул кол салууга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кол салууну террордук чабуул деп эсептейт.

"Биз Ирактын көз карандысыздыгын коргоо үчүн күрөшкөн коопсуздук күчтөрү менен тыгыз байланыштабыз жана бул кол салууну иликтөөгө болгон жардамыбызды көрсөтөбүз", - деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: