super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Жеенчороев: "Адилеттүүлүк, коопсуздук жана люстрация"

 

"Бүгүнкү күндө сот жана укук коргоо тармагы эң коррупциялашкан органдардын бири экени эч кимге жашыруун эмес. Таза сот системасын түзбөй туруп бир дагы реформа жүргүзүү мүмкүн эмес". Бул тууралуу "Альянс" партиясынын талапкери Мирлан Жеенчороев айтты.


Ал "Альянс" партиясы парламентке шайланып келсе, сот жана укук коргоо органдарына болгон ишеним кайтарыла турганын баса белгиледи.

"Буйрутма иштерди аткарып, системага көө жапкан сотторду, тергөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартууга, люстрация жүргүзүүгө биздин партиянын эрки жана кудурети жетет. Сотторду тандоо кеңешин тандоону жана көрсөтүү тартибин өзгөртөбүз. Биздин белдүү талапкерлерибиз бийликтин бардык бутагын элдин убалынан коркпогон зыянкечтерден тазалап, темирдей тартип орнотобуз. Мына, сот адилеттиги жок, буйрутма менен иштеген прокурорлор, тергөөчүлөр элди сазга батырып жүрөт. Кылмыштарга аралашып, мыйзамдаштырып, аларды ишке ашырууга жол ачкан соттор бар. Адилеттүүлүк, акыйкаттык андай соттор менен орнобойт. Биз мыйзамга баш ийген адамдарды бийлик бутактарына алып келебиз. А бизге сиздердин жардамыңыздар керек. Элдин колдоосу менен гана ал максаттарыбыз ишке ашат", – деди Жеенчороев.

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 7-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: