super.kg logo

Кеминдеги 16 жаштагы кыздын өлүмү: "Оозуна арак куюп, моюнун сындырган". Кыздын апасы соттук отурумга нааразы

 

21-июнда Кеминде 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарова киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Б.К. аттуу кошунасы кармалган. Маркумдун апасы Лилия Хабарова SUPER.KG порталына шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн танып жаткандыгын билдирди.

"Шектүү башында берген көрсөтмөлөрүнөн танып жатат. Алгач "Кыздын кийимдерин чече баштаганда кыз катуу кыйкырган. Ошол учурда катуу буюм менен кызды башына эсин жоготкуча чапкам. Кийин эсине келтирип, катуу сабап, аягында муунтуп салгам" деп көрсөтмө берген. Кийин тергөөчүлөрдүн басымынан улам ушундай көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Ишке Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги аралашып жатат. Анткени соттук отурум кыргыз тилинде жүрүп жатат. Буга чейин биринчи эле соттук отурум кыргыз тилинде өтүп жатканын айтып чыккам. Жакында төртүнчү отурум болду. Ал кыргыз тилинде өттү. Бизге орусча жакшы сүйлөй албаган котормочу беришти. Ал бизге эч нерсени түшүндүрө албай жатат.

Орусиянын элчилиги жана жактоочум өмүр бою эркиндигинен ажыратууну талап кылып жатат. Анткени ашып кетсе 12 жылга кесилет деп уктум. Биз буга макул эмеспиз. Анткени кызымды мыкаачылык менен өлтүргөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таяна турган болсок, оозуна арак куюп, моюнун да сындырган экен. Куландан соо кызымдын өмүрүн кыйратты. Бул өмүр бою менин жүрөгүмдө так болуп калды. Алар сотко пара беришкен окшойт. Сот шектүүнү актоого аракет кылып жатат.

Ушул себептен улам ортого Орусиянын элчилиги аралашып жатат. Мен жадагалса шектүүнүн акыркы көрсөтмөсү кыргыз тилинде болгондуктан түшүнгөн жокмун. 10-ноябрда Кемин райондук сотунда кийинки отурум болот. Мүмкүн болсо журналисттер келишсин", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмыш ишине шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
08.11.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргыздарга орусча,орустарга кыргызча...
08.11.2021. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орусия бироонун ички ишине аралашпаш керек! Бирок обьективдүү каралыш керек бул иш
08.11.2021. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орусиянын элчилигине Пок барбы?
08.11.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргызстанда жашагандан кийин кыргызча билиш кк,биз россияда кыргызча суйлобойбузго,бирок иликтенип жакшы караш кк жаш кызды олтургонун,элчилик иттикине аралашабы.
08.11.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulina00, Иттикине, дегин?)) Чындап эле кыз болсоң респект сага)))!!!
08.11.2021. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омур бою эркинен ажыратыш керек болбосо дагы бирону шордуу кылат.
08.11.2021. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин жанагы сот болмуштар эски талмасы менен кагазды көргөндө 360 градуска бурулуп кетет да. Кайсы тилде болбосун жазасын көбүрөөк берүү керек да. Башкаларга кийин да зыяны тийет буга окшогон зөөкүрлөрдүн.
08.11.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушунча жылдан бери Кыргызстанда жашап, кантип Кыргызча билбейсиң? Кыргызча билгенге милдеттүүсүңөр башка улуттун Кыргыз жарандары!!!
08.11.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттунда башы катып аткан кез экенда акчасын алып актайын десе орус элчилиги аралашып.Эч кимди аралаштырбайле күнөөсү далилденсе өмүр бою эркинен ажыртпайбы ээрчиме соттор
Baha.Kyrgyzstan түзөттү 2021-11-08 16:40:01
08.11.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын сотуна ишенич кыйын булар пулун болсо кулун болот. ошон учун буларга кийлигишип туруп ушуга окшогон шакалдарды соссуз жоопко тартыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: