super.kg logo

Меркель канцлер кызматынан кеткенден кийин саясат менен алектенбей турганын айтты

 

Германиянын канцлеринин милдетин убактылуу аткаруучу Ангела Меркель кызматтан кеткенден кийин саясатка аралашууга ниети жок экенин ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Эмне кылам деген суроого келсек... мен мындан ары саясат менен алектенбейм. Адегенде бир аз эс алам, анан оюма эмне келерин көрөбүз", - деген Меркель жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде.

Белгилей кетсек, 26-октябрда Бельвю сарайында Ангела Меркель кызматын тапшырган. Ал өлкөдө жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин мурдагы милдетин убактылуу аткарып турмай болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: