super.kg logo

"Телефонго байлабастан компьютерде колдонууга болот". WhatsApp мессенжеринде жаңы функция ишке киргизилди

 
WhatsApp мессенжерин эми телефонго байлабастан компьютерде колдонууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, WhatsApp мессенжеринин жаңы бета версиясы каалаган колдонуучуга жеткиликтүү. Тестке катышуу сунушу тиркеме WhatsAppтын рабочий версиясы менен синхрондоштуруудан кийин пайда болот. Колдонуучу жаңы функцияны колдонгондон кийин ээсинин смартфону бузулуп калса дагы WhatsApp'ка кирүү үчүн кайра авторизациялоонун кереги жок болот.
Бир аккаунтту төрт түзмөктө иштетсе болот. Бул опцияны ишке ашыруу WhatsApp'тын коопсуздук системаларын толук оңдоону талап кылган.
Бета сыноо этабында өзүнчө чектөөлөр колдонулат. Тактап айтканда, программаны акыркы версияга жаңырта элек байланыштарга үн жана видео билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүн болбой калат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.11.2021. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
н эми телефонго байлабастан компьютердWhatsApp мессенжерие колдонууга болот.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/384853/ туура жазсаңар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: