Жантөрө Сатыбалдиев министрлердин иштей турган учурда Жогорку Кеңеште жүргөнү туура эмес деп билдирди
Бүгүн парламентте премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев министрлердин дайыма эле Жогорку Кеңеште жүргөнү туура эмес экенин билдирди. "Фракция, комитет жыйындарына министрлердин орун басарлары келсе, депутаттар "мыйзам долбоорун министр өзү жактасын" деп каршы чыгышат. Айрым учурда долбоорлорду карабай коюшат. Чиновниктер өз ордунда функционалдык милдеттерин аткарышса туура болот эле. Мына азыр деле биз 2012-жылдын бюджетин карап жатабыз, 5-6 адам калса, калганы барып иштей бергени жакшы болчу",- деди өкмөт башчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

