super.kg logo

Фотоальбом: 6-классында легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун мүчөсү болууга жетишкен Айжамал Кабылованын жылмаюу тартуулаган сүрөттөрү

 

Бул жолку "Фотоальбом" рубрикабыздын каарманы легендарлуу "Кыз-бурак" тобу аркылуу элге аты таанылган эстрада жылдызы Айжамал Кабылова болмокчу.

Айжамал Кабылова 1982-жылы 2-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы 6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган.


Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон.

2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланта баштаган.

Жолдошу менен 2016-жылы ажырашып, учурда уулу менен кызын жалгыз тарбиялоодо. Ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Сыноону да Кудай көтөрө алган адамга берсе керек. Айрымдарга байлык-бийлик берип сынаса, кай бирлерди жакындарын алып коюп кыйнайт экен. Мени үй-бүлөмдөн ажыратып сынады, Кудайга миң мертебе шүгүр, ушундай тагдыр бергенине. Элдин колдоосу, жакындарымдын жардамы менен андай кыйынчылыктан чыгып кеттим. Өкүнбөйм, тескерисинче, ушул тагдырыма ыраазымын. Анткени көзүм ачылып, мага ким дос, ким кас, жакындарымдын кимиси күйүп, кимиси күлөрүн билип алдым. Ак-караны ажыратып, жадакалса өмүрлүк жолдошумдун ким экенин иргеп алганымдын өзү чоң жетишкендик. Мындай кыйынчылыкка сынмак турсун, турмуштук сабак алдым десем болот. Башкача айтканда, мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы", - деген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
10.11.2021. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маайли
10.11.2021. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото таланттуу, уну да уккулуктуу дагы жаны ырларды кутобуз
10.11.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапжаш бойдон
10.11.2021. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз Бурак тобу десе ушул эле эжелерди элестетем. Уну да сонун
10.11.2021. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман менен четте мамиле куруп, сүйүү смстерин жазышып жаткан жеринен жолдошу кармагандан кийин ажырашышпады беле. Кудай сыноо бербей эле, өзүнө өзү кылып алып, Кудайга сөз тийгизгени кызык го. Үй-бүлөсүнүн урашына Кудайдын эч кандай тиешеси жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: