Эркек киши аялга кол көтөргөн окуя: Ага карата кылмыш иши козголду
Буга чейин интернет желесине аялга кол көтөргөн эркектин видеосу жарыяланган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Свердлов РИИБинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси "ээн баштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ошондой эле кол көтөргөн киши аялдын жолдошу экени аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Толук маалымат кийинчерээк берилет", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
-1

Байкуш аял, кантип чыдап жашап журот экен.
Бул аял маанайы жок тан атырып, маанайы жок кун батырат окшойт.